Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Тил маселеси боюнча төраганын сунушуна Ташиев да комментарий берди


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин интернетте балдар үчүн даярдалган чет тилдеги контенттин баарына бөгөт коюу тууралуу демилгеси боюнча пикирин айтты. “7-каналга” берген комментарийинде орус тили Кыргызстанда жаш муун үчүн маанилүү экенин, спикердин сунушун колдобой турганын билдирген.

“Албетте, тил маселесине келгенде терең ойлонуу менен мамиле кылышыбыз кажет. Мен ачыгын айтайын, кыргыз тилин өнүктүрүү же сактап калуу үчүн башка тилдерди коомубуздун күнүмдүк турмушунан азайтуу — адашкан пикир. Себеби башка тилдер болбосо кыргыз тили да өнүкпөйт. Биздин келечек муун кыргыз тили менен бирге башка тилдерди да шар билиш керек. Анткени ошол башка тилдер аркылуу дүйнө тааныйт, билимдүү болот жана башка өлкөлөрдөгү өнүгүп жаткан жаңы технологияларды биздин өлкөгө алып келишет. Ошонун негизинде мамлекетибиз тышкы цивилизациядан артта калбай өнүгөт”, - деген ал.

Бул маселе боюнча президент Садыр Жапаров да комментарий берип, кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн башка тилдерге тыюу салуу туура эмес экенин айткан.

Нурланбек Шакиев парламенттин 11-апрелдеги жыйынында интернетте балдарга арналган чет тилдеги контентке тыюу салуудан тышкары, балдарга кыргызча ысымдарды коюуну сунуштаган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, соңку жылдары Кыргызстанда балдарга арапча ысым койгон ата-энелер көбөйгөн.

2023-жылы 17-июлда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG