Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:33

Бишкектеги Азия чемпионаты: Кыргызстан эки коло алды

Азия чемпионатынын биринчи күнү эркин күрөш боюнча мелдештер менен башталып, килемге Азиянын жана дүйнөнүн чемпиондору чыгышты. Алардын катарында казакстандык балбан, дүйнө чемпиону Ризабек Айтмухан, теги орусиялык, учурда Бахрейндин атынан мелдешке катышып жаткан Ахмед Тажудинов, ирандык дүйнө чемпиону Рахман Амузадхалил бар.

Бул күнү Ахмед Тажудинов менен казак балбаны Ризабек Айтмухан финалда беттешти. Тажудинов былтыркы дүйнө чемпионатында эркин күрөштүн дөө-шаалары, тагыраагы олимпиаданын чемпиондору Абдулрашид Садулаев менен Кайл Снайдерди утуп, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган. Тажудиновду финалда колундагы жарааты кыйнагандай.

Бул күнү беш кыргыз балбаны килемге чыгып, экөө коло медал утту. Азия чемпионатынын биринчи күнүндөгү урунттуу учурлар сүрөттөрдө.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG