Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:31

Спикер Шакиев интернетте чет тилдеги мультфильмдерге тыюу салууну сунуштады


Нурланбек Шакиев
Нурланбек Шакиев

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев интернетте балдарга арналган чет тилдеги контенттин баарына бөгөт коюу керек деп билдирди.

Парламенттин 11-апрелдеги сессиясында "Кыргызстандагы халал индустриясы жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланган учурда Шакиев документти кыргызча "адал" деп атоого чакырды.

"Халал эмес, адал. Кыргызча эле айталычы. Бүт кыргыздын сөзүн арабдаштырып же орусчалап өзгөртүп жибердик. Адам аттары да арабча болуп кетип атат көбүнчө. Бул абдан маани бере турган маселе. Биз нукура кыргызча аттарды койбосок, тилибиз жоголуп баратканы аз келгенсип кыргызча ысымдар да жок болуп кетет. Ошол эле учурда президенттин өкүлүнө тапшырма, астейдил көңүл буруңуздар. Айылдарда наристелердин тили орусча чыгып атат. Ютубдан, телефондон мультфильмдерди көрүп, тили орусча чыгып атат. Кыргыздын тили жоголуп баратат. Ошон үчүн өкмөт, аткаруу бийлиги, силерге тапшырма. Тез арада мультфильмдердин баарын кыргызчалаш керек. Керек болсо орусча, англисче, башка тилдеги балдар көрө тургандын баарын өчүрүп, кыргызча кылыш керек. Ошонун баарына бөгөт коюш керек. Болбосо кыргыз тили жоголот. Баарыбызга кулагыбызга күмүш сырга. Бүгүн тилди сактап калбасак, 5-10 жылдан кийин кыргыз тилин жоготуп алабыз деген коркунуч болуп атат. Мына, атыбызды жоготуп баратабыз. Аттарыбыз бүт арабча, орусча, башка тилде болуп кетти", - деди Шакиев.

Сессияда аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Марлен Маматалиев документте "халал" деген аталыш эл аралык стандарт менен байланыштуу экенин айтты.

"Эл аралык стандарт "халал" деп койгон. Адал стандарт деп койсок биздин продукция сыртка чыкпай калат. "Халал" эле дейли, бирок ички рынокто адал деп колдоно берели", - деди ал.

Депутат Дастан Жумабеков ар бир ата-эне баласына каалаган ысымды коюуга укуктуу деген таризде пикирин билдирди:

"Сөз эркиндиги, демократия деген бар. Мен муну чектөө катары көрүп калдым. Ар бир ата-эненин өз эрки, Нурлан деп коёбу, Дастан деп коёбу. Кааласа Майкл Жексон же Роналду деп коебу. Ар кимдин өз эрки", - деди Жумабеков.

Буга чейин Шакиев башталгыч класстын окуучуларын жалаң кыргыз тилинде окутуу демилгесин көтөргөн.

Борбор Азияда Кыргызстанда гана орус тилине расмий макам ыйгарылган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG