Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Бишкек ЖЭБиндеги өрттө жабыркаган кызматкер ооруканага түштү


Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). Архив
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). Архив

Бишкек жылуулук электр борборунда 10-апрелде өрт чыкканы белгилүү болду. Мекеменин басма сөз кызматы маалыматты 11-апрелде "Азаттыкка" ырастап, тогузунчу өткөрүп берүүчү ленталык конвейерден чыккан өрттөн бир жумушчу жаракат алганын билдирди.

Анда окуя этиятсыздыктан болгону, жабыркаган кызматкер Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жөнөтүлгөнү белгиленген. Борбордо иш азыр кадимкидей тартипте жүрүп жатканы кошумчаланган.

Аталган бейтапкананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков 11-апрелде таңкы саат 6:45те Бишкек жылуулук борборунан бир киши денесинин 20% күйгөн абалда түшкөнүн бышыктады.

Анын айтымында, бейтаптын абалы оор, туруктуу деп бааланууда.

Мунун алдында "Кактус Медиа" басылмасы борбордогу булактарына таянып шаршембиде мекеменин күйүүчү май - транспорт цехинде көмүрдүн майда калдыктары өрттөнүп кеткенин, андан бир киши жабыркаганын жазган.

2-февралда ЖЭБде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган.

Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркап, Бишкектеги “Тез жардам” борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлүп, дарыланып жатат.

2018-жылы кыш чилдеде Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, калаа бир апта бою жылуулуксуз калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG