Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Казакстанда үй-бүлө зомбулугу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган мыйзам колдоо тапты


Маркум Салтанат Нукенова. Иллюстрациялык сүрөт.
Маркум Салтанат Нукенова. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан парламентинин жогорку палатасы Сенат үй-бүлө зомбулугун кылмыш деп таануу, педофилдерди өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу тууралуу мыйзам долбоорлорун жактырганын бүгүн 11-апрелде “Азаттык” радиосунун казак кызматы билдирди. Аталган долбоорлорго президент кол коюп, күчүнө кирсе Казакстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрү үчүн жаза чарасы катуулап, үй-бүлө зомбулугун алдын алуучу чаралар комплекси иштей баштайт..

Үй-бүлө мүчөсүнө кол көтөргөн кишиге 658 доллар өлчөмүндө айыппул салынат же ал 80 саатка коомдук иштерге тартылып, айрым учурларда 25 суткага камалат. Азыркы айыппул 123 доллар, камоо мөөнөтү 15 сутка. Жашы жете электерге же кызматтык милдетин аткарып жаткандарга өзгөчө мыкаачылык менен зомбулук көрсөткөндөр эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Өз өмүрүнө кол салууга жеткиргендик үчүн 5-9 жылга чейин абакка камоо каралууда.

Соңку жылдары Казакстанда аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселеси эң көп талкууланган маселеге айланды. Ушу тапта аялы Салтанат Нукенованын өлүмүнө айыпталып жаткан мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин соту болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG