Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Бишкек жылуулук борборун жаңылоого 250 млн доллар керектелет


Бишкек жылуулук электр борбору. Архив
Бишкек жылуулук электр борбору. Архив

Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо үчүн болжол менен 250 миллион доллар керектелет. Бул тууралуу 11-апрелде ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген мекемелер аралык комиссиянын маалымат жыйынында айтылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын бөлүм башчысы Болот Ибраев билдиргендей, бул сумманын 150 миллион доллары Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого жана модернизациялоого кетет, 21-отказанды калыбына келтирүүгө жана бешинчи турбогенераторду алмаштырууга болжол менен 100 миллион доллар керектелет.

Бул иштер болжол менен үч жылга созулат. Учурда долбоорду ишке ашыруу үчүн каржы булактары изделип жатканын кошумчалады.

Комиссиянын төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Бакыт Төрөбаев мындан сырткары “Бишкексельмашзаводдун” (Фрунзе атындагы айыл чарба машина куруу заводунун) аймагында бир отказандын ордуна 150 мегаватт электр энергиясын иштеп чыга турган чакан жылуулук электр борбору куруларын, ага 147 млн доллар керектелерин кошумчалады.

Мындан тышкары ЖЭБ-2 да модернизацияланат, ага болжол менен 100 млн доллар жумшалат.

Төрөбаев Бишкек жылуулук борборун жаңылаган кытайлык TBEA компаниясы жөнүндө да айтты:

"Өзүңүздөр билесиздер, ЖЭБдин жаңы блогу долбоор боюнча 300 мегаватт электр энергиясын чыгарышы керек эле. Ал 300 мегаваттка жеткен жок. Биз кубаттуулукту ушуга жеткирүү талабын TBEA компаниясына коюп жатабыз. Экинчи маселе - эски блокту калыбына келтирүү. Ал өзүнүн мөөнөтүнөн өтүп кетти, биз оңдоп эле келе жатабыз. Биз быйыл эртерээк аракет кылып, оңдоо иштерин жүргүзөлү деп жатабыз".

2-февралда таңкы саат 3төр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган.

Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркап, Бишкектеги “Тез жардам” борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлүп, дарыланып жатат.

ЖЭБдеги авариянын себептерин аныктоо боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкканын буга чейин энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев “Азаттыкка” билдирген.

Анын сөзүнө караганда, комиссия 22-мартта ишин жыйынтыктап, анда ЖЭБдеги кырсыкка айрым кызматкерлер жана эскилиги жеткен жабдыктар негиз болгон деген тыянакка келген.

ЖЭБдеги кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирген мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG