Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Чет элдик валюта менен соодалашууга тыюу салуу сунушу сынга кабылды


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин депутаты Айсара Абдибаева өлкө ичинде бардык соода-сатыкты чет өлкөлүк валюта менен жүргүзүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады. Абдибаева 11-апрелдеги сессияда баяндама жасап, демилгени улуттук валютанын туруктуулугун сактоо жана коопсуздук чаралары деп түшүндүрдү.

Депутаттын айтымында, мыйзамды ишке ашыруу үчүн накталай акча менен соодалашууга да тыюу салынат.

«Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып, эсептешүү улуттук валютада жана банктык эсептер аркылуу гана жүргүзүлөт», - деди ал.

Мындай сунушту бир нече депутат кескин сындап, каршы чыкты. Эл өкүлү Дастан Бекешев улуттук валютанын туруктуулугун сактоо үчүн өлкөдө өндүрүш жана экономика күчтүү болушу керек экенин белгиледи. Ал бул мыйзам жарандарда кошумча түйшүк жаратаарын айтты.

«Мен сизге «Экономикалык теория» деген китеп берейин. Доллардан качуу үчүн өндүрүштү өнүктүрүү керек. Автоунаалар Германияда эмес, Кыргызстанда чыгышы керек. Кийимдерди Түркиядан албай, бул жактан алышыбыз керек. Ири империя Кытай менен Орусия доллардан кача албай жүрөт. Бул ыкма менен жыйынтык чыкпайт. Сиз банктарга гана пайда таап бересиз», - деди Бекешев.

Депутаттардын каршылыгынан кийин демилгечилердин дагы бири Улукбек Ормонов мыйзам долбоорун күн тартибинен алууну сунуштап, ал көпчүлүк добуш менен өттү. Ормонов “Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө” мыйзамдын долбоорун кайра иштелип чыгарын айтты.

Министрлер кабинети “Накталай эмес төлөм операциялары боюнча айрым чечимдери жөнүндө” деп аталган токтомдк марттын ортосунда коомдук талкууга чыгарган. 12-апрелде талкуу бүтүп, 19-апрелге чейин парламенттин кароосуна чыгарылат. Токтом долбоору мүлктөрдү сатууда накталай эмес эсептешүүгө дем берүүнү көздөйт.

Кыргызстанда улуттук валюта жүгүртүүгө 1993-жылдын 10-майында киргизилген. Өкмөттүн токтому боюнча өлкөдө соода улуттук валюта менен жүргүзүлүшү керек. Соодадагы валютаны көзөмөлдөөчү механизм жок.

Улуттук банк сомдун курсун кармап туруучу үчүн интервенция жасап турат. Учурда сомдун долларга карата курсу орто эсеп менен 89 сомдун айланасында болуп жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG