Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:31

"Талибан" Тажикстандын эки жараны кармалганын билдирди


Сирожиддин Давлатов жана Самежон Файзов.
Сирожиддин Давлатов жана Самежон Файзов.

Ооганстандын Al Mirsaad басылмасы өзүн «Ислам мамлекети» (ИМ) деп атап алган топтун согушкери деген тажикстандык эки кишини суракка алып жаткан видео жарыялаганын 10-апрелде «Озоди» радиосу кабарлады. Маалыматта айтылгандай, алар Пакистандагы «террорчуларды даярдай турган аскердик-машыгуу лагерине» жөнөп бараткан жеринен кармалган.

Кармалгандар Тажикстандын жараны экени, ИМ тобуна Орусиянын Владимир облусунда эмгек мигранты болуп иштеп жүргөндө Telegram каналдар аркылуу азгырылып, Ооганстанга жөнөтүлгөнү маалымдалды.

Видеодогулардын бири өзүн Тажикстандын Восей районунан барган 21 жаштагы Сирожиддин Давлатов, экинчиси Куляб районунун тургуну, 21 жаштагы Самежон Файзов деп тааныштырып жатканын көрүүгө болот.

Алар онлайн кураторунан Ооганстанга Түркия жана Иран аркылуу, андан ары коңшу Пакистандын Белужистан провинциясынын борбор калаасы Кветтага барып, машыгууну жыйынтыктоо тапшырмасын алганын айтып берүүдө. Басылманын маалыматына караганда, Кветтадан кийин алар Иранга бир нече террордук акт жасоого жөнөтүлмөк, ошол жакка баратканда аларды талибдер колго түшүргөн.

Талдоочулар Ооганстандагы бийликти башкарып турган «Талибан» кыймылы ИМге каршы күрөшүп жатканын көрсөткөнү менен экөө ортосунда тыгыз кызматташтык бар.

Al Mirsaad тажик жарандары качан кармалганы белгисиз экенин, азыр алар талибдерде туткунда кармалып турганын жазды.

Тажикстан бул боюнча азырынча комментарий бере элек. Өлкө бийлиги билдиргендей, 2014-жылдан бери Сирияда, Иракта жана Ооганстанда ИМ катарына жүздөгөн тажикстандык кошулган, алардын айрымдары Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерде каза болгон, калгандары дайынсыз жоголгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG