Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Столтенберг Украина сыртка сокку урууга укуктуу экенин айтты


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

Украина агрессиядан коргонуп жаткан өлкө болгондуктан сырттагы «легитимдүү аскердик максаттарды» бутага алууга укугу бар экенин НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди. 10-апрелде Брюсселде уюмдун кеңсесинде Финляндиянын президенти Александр Стубб менен сүйлөшүү жүргүзгөн Столтенберг жолугушууда Украина маселеси талкууланганын айтты.

Анын белгилешинче: «Эл аралык укук ченемдерине ылайык, Украина өзүн өзү коргоо укугуна ээ. Мындай укук Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставында да жазылган. Биз ага НАТОнун мүчөлөрүн бул кармашка катыштырбай жардам бере алабыз. Өзүн өзү коргоо – бул Украина өзүн коргош үчүн сыртка да сокку ура алат дегенди туюндурат».

Украинага 2022-жылы февралда кол салып, толук масштабдуу согуш ачкан Орусия «атайын аскердик операцияны» ишке ашырып жатканын айтып келет.

Алгачкы бир жылда Украина Батыштагы союздаштарынын жардамы менен орус аскерлеринин чабуулдарына каршы туруп, айрым тарттырып жиберген аймактарын кайтарып алууга жетишкен. Бирок былтыртан бери фронтто абал кыйла өзгөрдү, украин бийлиги Батыш убада кылган жардам убагында берилбей, аскерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG