Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды


Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков (көк кийимчен) мелдеш учурунда. Бишкек. 11-апрель, 2024-жыл.
Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков (көк кийимчен) мелдеш учурунда. Бишкек. 11-апрель, 2024-жыл.

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды. Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш боюнча мелдештер өтүп, беш кыргыз балбаны килемге чыкты.

Эки балбан алгачкы беттештеринде утулуп мелдештен четтесе, балбандар Улукбек Жолдошбеков (65 кг), Алибек Осмонов (70 кг) жана Андрей Аронов (97 кг) коло байге үчүн күрөшөт. Финалдык беттештер 18:00дө башталат.

Азия чемпионаты Бишкек Арена спорт комплексинде өтүп жатат. Мелдешке Азиянын 30 мамлекетинен 600 спортчу катышууда. Катышуучулардын арасында Азиянын, олимпиада оюндарынын жана Дүйнөнүн чемпиондору бар. Алардын катарында казакстандык балбан, дүйнө чемпиону Ризабек Айтмухан, теги орусиялык, учурда Бахрейндин атынан мелдешке катышып жаткан Ахмед Тажудинов катышууда.

Мында сырткары Азиянын беш жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова, дүйнө чемпиондору Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов күч сынашат.

Азия чемпионаты жыйынтыкталган соң 19-апрелден баштап ушул эле аренада Азия чөлкөмү боюнча Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензиялык мелдеш башталат. Бул Кыргызстанда өтө турган алгачкы лицензиялык мелдеш болмокчу. Мында жалпы 36 жолдомо ойнотулат.

Кыргызстандан бул мелдешке жолдомо утуу үчүн кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 кг), Калмира Билимбек кызы (57 кг) жана Айжан Сабырбек кызы (53 кг) катышса, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (65 кг), Бекзат Алмаз уулу (57 кг) жана Орозобек Токтомамбетов (74 кг) Нуртилек Карыпбаев (86 кг), Андрей Аронов (97 кг) жана Айаал Лазарев (125 кг), грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов (67кг), Асан Жанышов (87 кг), Үзүр Жузупбеков (97 кг), Роман Ким (130 кг) аракеттенишет.

Ушу тапта 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар. Суучул Денис Петрашовдон сырткары былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG