Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Мамлекеттик бажы кызматына тергөө укугун берүү сунушу көтөрүлдү


Самат Исабеков.
Самат Исабеков.

Министрлер кабинети Мамлекеттик бажы кызматына тергөө укугун берүүнү сунуштап жатат. Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков мыйзам долбоору боюнча баяндама жасап, мекемеге бажы тармагындагы кылмыштарды тергөөгө уруксат берилиши керек экенин билдирди.

«Бажы органдарына тергөө функциясын берүү – бажы кылмыштарын ыкчам, толук жана ар тараптуу иликтөөгө, келтирилген зыянды өз убагында толтурууну камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Анткени мурда бажы органдарынын 1998-2016-жылдар аралыгындагы орду толтурулуучу зыяндын суммасы 90%-98% чейин болгон», - деди Исабеков.

Анын айтымында, Орусия жана Казакстандын Бажы кызматы тергөө жүргүзүү укугуна ээ.

Учурда бажыга тергөө укугун берүү каралган “Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору парламентте талкууланып жатат.

Кыргызстанда Бажы кызматы коррупциялашкан органдардын сап башында болуп келген. Учурда бийлик бул тармактагы жемкорлукту жоюуга аракет жүрүп жатканын билдирип келет.

2023-жылы 11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Камчы Көлбаев менен мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун “мафиясына” байланышы бар 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтардан алынганын билдирген. Анын ичинен 76 адам Мамлекеттик бажы кызматынан кеткен. Алардын аты-жөнү жана буга чейин ээлеген кызматы тууралуу маалымат бериле элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG