Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Казакстанда сел каптаган аймактардан эвакуация болгондор дээрлик жүз миңге чамалады


Казакстан. Актөбө облусу. 2024-жылдын 11-апрели.
Казакстан. Актөбө облусу. 2024-жылдын 11-апрели.

Казакстанда сел каптаган аймактардан кечээтен бери дагы 1,5 миңдей киши эвакуация болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 11-апрелдеги маалыматына караганда, коопсуз жактарга чыгарылгандар жалпысынан дээрлик 98 миңге жетти, алардын 7 миңден ашууну, анын ичинде 3,5 миңдей бала убактылуу ачылган пункттарда жашап жатышат.

26-марттан бери Казакстанда сел каптаган аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Айрыкча оор абал Атырау облусунун Күлсары аймагында түзүлүп отурат.

Атырау облусунда өзгөчө кырдаал 7-апрелде жарыяланган. Ошол эле күнү куткаруучулар Күлсары шаарынан эки кишинин сөөгүн табышкан.

65 миң калкы бар Күлсары шаарынын тургундарынын дээрлик жарымы башка жактарга эвакуацияланды, 31 кичи райондун үчтөн бирин суу каптады.

Жылыой районунун тургундары 10-апрелде жергиликтүү акимчилик алдына чогулуп, үй-жайын жана башка мүлкүн суу каптаганын айтып, мамлекеттен жардам качан болору тууралуу так маалымат берүүнү, насыя жагынан жардам кылууну талап кылышкан.

4-апрелде Батыш Казакстан облусуна өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев барып, кырдаалды «болуп көрбөгөндөй жаратылыш кырсыгы» деп атаган жана кар күндүн жылышынан улам тез эрип кеткени, жаан-чачын көп болгону себеп экенин айткан.

Актөбө облусунун Ойыл районунда суу каптаган 236 үйдүн 18 гана жарактуу экенин 11-апрелде «Азаттыктын” казак кызматына аким Аскар Казыбаев билдирди. Бул аймакта кеминде 3200 баш мал кырылды, анын 1223ү санитардык талаптарга ылайык өрттөлдү.

Адистер Казакстан азыркыдай суу каптаган абалга 80 жылдан бери тушуга элек болгонун айтып жатышат.

Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматка караганда, бир нече адам дайынсыз болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG