Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Украина Крымда Орусиянын Ка-27 тик учагы жок кылынганын билдирди


Ka-27 тик учагы. Архивдик сүрөт.
Ka-27 тик учагы. Архивдик сүрөт.

Москва оккупациялап алган Крымда Орусиянын Ка-27 тик учагы жок кылынганын бүгүн 10-апрелде Facebook баракчасына Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн расмий өкүлү Дмитрий Плетенчук жазды.

"Крымда [бир] орусиялык Ка-27 минус болду. Бир нерсе издеген экен. Тапты", - деген Плетенчук андан башка маалыматты ачыктаган жок.

«Бул боюнча такталган маалыматты жарыялоого азырынча даяр эмесмин», — деди ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматына.

Орусия азырынча Украинанын бул билдирүүсүнө расмий комментарий бере элек.

Ка-27 тик учагы — советтик мезгилде жасалган учак. Февраль айында украиналык аскерлер Донецк облусунун Авдеевка аймагында орусиянын чабуул коюучу К-52 тик учагы жок кылынганын билдиришкен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG