Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

10-апрель: Казакстандагы суу-ташкын, камактагы журналисттерди бошотуу чакырыгы


Казакстандын Күлсары шаары.
Казакстандын Күлсары шаары.

10-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

CPJ бийликти журналисттерге коюлган айыпты алып салууга чакырды

Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Кыргызстанда камакта жаткан журналисттердин дагы төртөөнүн үй камагына чыгарылышы тууралуу билдирүү жасап, кыргыз бийлигин 11 журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды. 9-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен камалган 11 журналисттин төртөө – Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева тергөө абагында калды. Буга чейин Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев жана Сапарбек Акунбеков бошотулган. Ички иштер министрлиги аларды 16-январда кармаган. Журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет.

Орозо айт намазы мечиттерде окулду

Быйыл коопсуздукту сактоо үчүн Орозо айт намазы облус, шаарлардын аянттарында эмес, мечиттерде окулду. Мусулмандардын ыйык Орозо айынын соңундагы Айт майрамы быйыл 10-апрелге туш келди. Кыргызстанда бул күн дем алыш деп жарыяланган. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо Айт майрамы менен куттуктап, кыргыз эли Исламдын баалуу көрөңгөлөрүн өзүнүн түптүү каада-салттары менен айкалыштырып жашап келгенин билдирди.

Москвада бул жолку айт намазы мигранттарга каршы маанай күчөп турган шартта өтүп, борбордук мечитке мигранттар адаттагыдан аз келгени кабарланууда.

Талас округундагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкты

Бишкек шаардык соту буга чейинки инстанциянын №21 Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин 9-апрелде күчүндө калтырды. Ушул округдан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбековдун консультанты Асылбек Рахманов шаардык соттун бул аныктамасына каршы Жогорку сотко апелляциялык арыз берилерин билдирди. 2020-жылы сөз болуп жаткан округдан талапкер болгон Эмилбек Абдыкадыровдун өкүлү буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп келген Бактыбек Чойбеков добуш сатып алганын айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн. Боршайком 22-февралдагы отурумунда аны канааттандырган эмес. Бишкек шаарынын административдик соту шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Эмилбек Абдыкадыровдун арызын канааттандырган.

Казакстанда үй-жайын сел каптагандар акимчилик алдына чогулушту

Казакстанда сел каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланган Атырау облусунун Жылыой районунун тургундары жергиликтүү акимчилик алдына чогулганын бүгүн 10-апрелде «Азаттык» радиосунун казак кызматы жазды. Акцияга катышкандар үй-жайын жана башка мүлкүн суу каптаганын айтып, мамлекеттен жардам качан болору тууралуу так маалымат берүүнү, насыя жагынан жардам кылууну талап кылышты. 65 миң калкы бар Күлсары шаарынын тургундарынын дээрлик жарымы башка жактарга эвакуацияланган.

Район акими Жумабек Каражанов өкмөт жабыркагандарга жардам жана кенемте берерин айтты. Шаар тургундары «112» кызматы аркылуу эскертүү албаганын, 5-апрелде суу каптаганда көптөгөн жергиликтүү тургундардын короо-жайын, үйүн суу каптаганын белгилешти.

Жалпысынан 26-марттан бери Казакстанда сел каптаган аймактардан кеминде 96 миңдей киши коопсуз жерлерге чыгарылды.

Байден Нетаньяхунун Газа боюнча саясатын «катачылык» деп атады

АКШ президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газа секторундагы согуш боюнча саясатын «катачылык» деп атады. 9-апрелде Univision телекомпаниясына курган маегинде Кошмо Штаттардын президенти Израилдин дарегине сын пикирин дагы айтты.

«Анын иш-аракетин катачылык деп эсептейм. Мен анын мамилесине макул эмесмин», — деди Байден.

АКШ президенти Израилдин Газадагы чабуулдарын «ылгабаган» деп, ал эми аскердик аракеттерин «аша чапкан» деп да баалаган.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант соңку билдирүүсүндө израил аскерлери ХАМАСты жок кылыш үчүн бардык жерге жетерин айткан.

Газалыктар Орозо айтты согуш шартында белгилеп жатышат.
Газалыктар Орозо айтты согуш шартында белгилеп жатышат.

Армения КМШ тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышпайт

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) башкы дипломаттарынын 12-апрелде өтө турган жыйынына катышпайт. Бул тууралуу министрликтин өкүлүнүн маалыматына таянып бүгүн 10-апрелде «Азаттык» радиосунун армян кызматы билдирди.

Министрлердин жыйыны 12-апрелде Беларустун борбору Минск шаарында өтөт. Армениянын өкүлүнүн ага катышпай турган чечими бир нече күн мурда премьер-министр Никол Пашинян Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуу өткөргөндөн кийин кабыл алынып отурат. Брюсселде өткөн бул сүйлөшүүлөрдөн улам Орусия «Батыш Арменияны Түштүк Кавказдан бөлүүгө аракет кылууда» деп айыптап чыккан.

Армения көп жылдар бою Орусиянын жакын союздашы болуп келген. Соңку айларда ал КМШдан алыстай баштады. Талдоочулар буга армян бийлиги Тоолуу Карабак маселесинде Москвадан колдоо көрбөй калганы себеп экенин айтып келишет.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG