Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Блинкен жана Кэмерон Конгрессти Украинага жардам маселесин чечүүгө үндөштү


Дэвид Кэмерон.
Дэвид Кэмерон.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кошмо Штаттардын Конгрессин Украинага жардам маселесин чечүүгө үндөштү. 9-апрелде Мамлекеттик департаменттеги жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында сүйлөп жатып, Кэмерон Украинаны колдоо америкалыктардын коопсуздугу үчүн да маанилүү экенин белгиледи:

«Мен бул жакка кимдир-бирөөгө лекция окуганы же АКШдагы саясий процесстерге кийлигишүү үчүн келип олтурганым жок. Бул өлкөнүн чоң досу жана ага ишенген адам катары бөлүнгөн каражат силердин да коопсуздугуңар, кызыкчылыгыңар жана силердин да, өнөктөштөрүңөрдүн да келечеги үчүн маанилүү экенин белгилеп, өтүнгөнү келдим».

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылы 24-февралда кабылгандан бери күрөшүн улантып келе жатат.

Президент Владимир Зеленский АКШ убада кылган аскердик жардам берилбесе бул согушта жеңилиши мүмкүндүгүн 8-апрелде эскертти. Кошмо Штаттарда былтыртан бери Украинага жардам боюнча бир нече демилге көтөрүлүп, талкууланып, бирок кабыл алынбай келе жатат. Конгрессте сунуш кылынган мыйзам долбоорлору колдоо таба элек.

9-апрелде да Зеленский Харьков облусуна барганда Батыштагы өнөктөштөргө кайрылып, бул аймак Орусиянын чабуулуна күн сайын кабылып жатканын айтты жана “Харьков облусу - өтө маанилүү территория. Биз даяр турушубуз керек. Орусиялыктар да биз даяр экенибизди көрүшү зарыл" деп айтты.

9-апрелдин кечинде АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинага 138 миллион доллар бөлүнүп жатканын, бул акча украин аскерлерине буга чейин өткөрүп берилген Hawk зениттик-ракеталык комплекстерин оңдоого жана иштетүүгө жумшаларын маалымдады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG