Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Бейбаштыкка айыпталган Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев, Руслан Самудин уулу эки айга камалды


Бейбаштыкка шектелген (солдон оңго) Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев жана Руслан Самудин уулу.
Бейбаштыкка шектелген (солдон оңго) Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев жана Руслан Самудин уулу.

Бишкекте бейбаштыкка шектелип кармалган алты кишинин бөгөт чарасы 9-апрелде Ленин райондук сотунда каралды. Шектүүлөр Руслан Самудин уулу жана Азамат Марипов эки айга камалды. Эркланбек Тагаев да эки айга камалганы белгилүү болду.

"Азаттыктын" коюлган айып боюнча суроосуна Самудин уулу "азыр эч нерсе деп айта албайм" деп жооп берди.

Марипов ага коюлуп жаткан айып жана президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин ал тууралуу айткандары боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Бир туугандары менен президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгонун ырастап, “жолугушуу болгон” деп жооп берди.

Бишкектеги тамактануучу жайлардын бириндеги окуя тууралуу Марипов: “Чакыруу болгон. Барганбыз. Жашыруун камераны алдык. Урду-сокту болгон эмес. Менден он жаш улуу аганы эч кандай уруп-согуу болгон эмес. Бул жөн эле каралоо. Бизге окшогон жөнөкөй жарандарды, активисттерди абак артында туткан эч кайсы бийликке аброй алып келбесе керек”, - деди ал

Ал эми Туманбаевдин шантаж тууралуу айткандары боюнча Марипов: “Эч кандай шантаж болгон эмес. Эгерде шантаж болсо өз убагында айтып чыкмак”, - деп жооп берди.

Алты кишиге тең Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” жана “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренелери менен айып коюлуп, "кылмыш адамдар тобу менен жасалган" деп айыпталып жатканын "Азаттыкка" шектүүлөрдүн адвокаты Памир Суранбаев билдирди.

Калган шектүүлөрдүн бөгөт чарасын кароо уланууда.

Шектүүлөрдүн баары Бишкектин Тергөө абагында (СИЗО-1) 8-июнга чейин кармалат.

Бишкек шаардык милициясы 8-апрелде бейбаштыкка шек саналып алты адам кармалганын кабарлаган. Маалыматка караганда, 7-апрелде Бишкектин Ленин райондук милициясына Б.Д. аттуу адам кайрылып, 6-апрелде тамактануучу жайлардын биринде топ адамдар анын денесине залал келтирип, узак убакыт бою мыйзамсыз кармашканын айтып арызданган.

Бул фактынын негизинде Ленин райондук милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында арыздануучyнун башы жабыркап, мээси чайкалып, астыңкы эрини жырылып кеткени аныкталган.

Бул боюнча кылмышка шек саналып, 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С.М. аттуу жарандар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Марипов буга чейин “президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев ага чагымчыл аракеттерди көргөнүн, анын адамдары ашканага тыңшоочу аппаратты койгонун” айтып, коомчулукка видео кайрылуу жасаган.

9-апрелде Туманбаев мындай айыптоого жооп берип, Марипов андан үйлөнүү тоюн өткөрүү үчүн 13 миң доллар сураганын, өз жанынан ага акча бергенин айткан. Кийин “дагы эле шантаж кыла баштаганда президент Садыр Жапаровго айтып, жолугушканын” билдирген. Президент сураганда Марипов 13 миң долларды “жумушсуз отурган агасы Кудрет Тайчабаровдун, карындашы Адинай Марипованын карызын жапканга жумшаганын айтканын” белгилеген.

6-апрелде Бишкектеги тамактануучу жайлардын биринде жансакчысы аралашкан окуя тууралуу да суроого жооп берип, ал чын эле анын жансакчысы экенин, бирок ал жерде башка иштер менен жүргөнүн кошумчалады.

Азамат Марипов - Фейсбуктун активдүү колдонуучусу, ал социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүрөт.

Кудрет Тайчабаров - ушул тапта Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси. Азамат Марипов - анын иниси. Адинай Марипова - Азамат Мариповдун карындашы. Ал буга чейин президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы жардамчысы болгон.

Садыр Жапаров бул окуя боюнча 9-апрелде “Кабар” улуттук маалымат агенттигине комментарий берип, шантаж кылып акча доолагандар, коррупцияга аралашкандар ким болсо да жоопко тартыларын, “мекенчилмин” деп мыйзамсыз иштерди кылгандар бар экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG