Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Публицист Олжобай Шакирдин иши боюнча кийинки отурум 18-апрелде өтөт


Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

Бүгүн, 9-апрелде Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин иши боюнча да сот отуруму уланды.

Отурумда мамлекеттик лингвистикалык эксперт Жийде Семенова суралганын Шакирдин адвокаты Акмат Алагушев билдирди. Кийинки отурум 18-апрелге белгиленди жана анда дагы бир мамлекеттик эксперт, политолог Жанышбек уулу Азамат суралат.

Иш марттын ортосунан бери судья Бактияр Матраимовго өткөн. Мурдагы судья Бекболот Жаналиев башка сотко которулган. Алагушев прокурор да алмашканын, ошол себептүү мамлекеттик эксперттер башынан суралып жатканын тактады.

Олжобай Шакир “өзүнүн онлайн митинг өткөрүү ниети мамлекетке, коомго зыян келтире турган идея болбогонун” ал “агрессиянын жактоочусу эмес” экенин “Азаттыкка” билдирди.

1-апрелдеги отурумда көз карандысыз экспертиза анын камалышына негиз болгон видеодо "жапырт башаламандыкка чакырык жок" деп корутунду чыгарганы белгилүү болгон. Кийин мамлекеттик эксперттер жана тергөөчү сотко келбегендиктен, отурум 9-апрелге белгиленген.

Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Былтыр 6-декабрда ага айыбы угузулган. Прокурор Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.

Жазуучу коюлган айып менен макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. Өкмөттүн азыркы саясаты демократиялык баалуулуктарга туура келбестигин белгилеп, 2023-жылдын 31-августунда онлайн митинг өткөрүү демилгесин көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

Олжобай Шакир деген каймана ат менен ишмердик жүргүзгөн Олжобай Эгембердиев 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеп, иштетип келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG