Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Reuters: Орусия Казакстандан 100 миң тонна бензин сурады


Орусия. Брянск облусу. Архивдик сүрөт.
Орусия. Брянск облусу. Архивдик сүрөт.

Орусия эгер өлкөдө бензин тартыштыгы жарала турган болсо 100 миң тонна күйүүчү май жөнөтүүнү өтүнүп Казакстанга кайрылганын 8-апрелде Reuters агенттиги кеминде үч маалымат булагына таянып жазды. Алардын бири келишим макулдашылганын билдирди.

Казакстандын бийлиги бул маалыматты четке кагууда. "Орусиянын Энергетика министрлигинен андай өтүнүч түшкөн эмес", - деп Казакстандын энергетика министринин кеңешчиси Шынгыс Ильясов билдиргенин "Интерфакс" маалымдады.

"Важные истории" басылмасынын пикиринде, орус бийлигинин мындай өтүнүчүнүн себеби Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү ишканаларынын кеминде 15 процентин жарактан чыгарганында болууда.

"Талкалануу масштабы канчалык олуттуу болгонуна жараша оңдоо иштери да ошончолук убакытты талап кылышы жана чыгымы да көп болушу ыктымал", - деп билдирди басылмага курган маегинде НАТОдогу булактардын бири.

Орусияда соңку айларда мунайды кайра иштетүүчү заводдор дрон чабуулуна көп кабылууда. Бул үчүн жергиликтүү бийлик украин аскерлерин айыптоодо. Заводдор талкаланып, өрттөнүп, бензиндин жана дизелдик отундун өндүрүү көрсөткүчү апта сайын төмөндөөдө.

Росстат мекемесинин расмий маалыматына караганда, март айынын соңунда Орусияда бензин чыгаруунун бир жылдык көрсөткүчү 14 процентке, дизелдики жети процентке кыскарды.

Ички рынокто кара май таңкыстыгы жаралбашы үчүн орус бийлиги Беларустан сатып алуусун көбөйттү. Февралда бул өлкөдөн 590 тонна бензин сатып алынган болсо, мартта 3000 тонна импорттолду.

Март айында Орусияда Рязанда "Роснефть" компаниясынын, Нижегороддо "Лукойлдун" мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна чабуул коюлган. Бул эки ишкана тең эң ири заводдордун ондугуна кирет жана Москва шаарын бензин менен камсыздайт. Краснодар, Самара облустарында да бир нече ишкана бутага алынган.

Жалпысынан быйыл жыл башынан бери Орусиянын 10 аймагында 15 мунай ишканасы талкаланды. Алардын өндүрүү кубаттуулугу жылына 192 миллион тонна мунайды түзчү.

Расмий Киев бул чабуулдарга тиешеси бар же жогу тууралуу комментарий берген эмес.

Financial Times басылмасы өз булактарына таянып билдиргендей, Вашингтон Киевди Орусиянын энергетикалык инфраструктурасына чабуулдарын токтотууга чакырып, бул объектилерге жасалып жаткан сокку мунайдын дүйнөлүк наркын жогорулатышы жана Москваны жооп чабуулдарга түртүшү ыктымал экенин эскертти.

Орусиянын мунай продукциясынан Кыргызстан да көз каранды. Tazabek басылмасынын маалыматына караганда, Кыргызстан сырттан сатып алган күйүүчү-майлоочу майдын 95% Орусияга туура келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG