Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Публицист Олжобай Шакирдин соту уланып жатат


Олжобай Шакир. Архив
Олжобай Шакир. Архив

Бүгүн, 9-апрелде Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин иши боюнча да сот отуруму өтүп жатат.

Отурумда мамлекеттик эксперт Жийде Семенова Шакирдин билдирүүлөрү боюнча көрсөтмө берип жатат. Процесске журналисттер киргизилген жок.

1-апрелдеги отурумда көз карандысыз экспертиза анын камалышына негиз болгон видеодо "жапырт башаламандыкка чакырык жок" деп корутунду чыгарганы белгилүү болгон. Кийин мамлекеттик эксперттер жана тергөөчү сотко келбегендиктен, отурум 9-апрелге белгиленген.

Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Былтыр 6-декабрда ага айыбы угузулган. Прокурор Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.

Жазуучу коюлган айып менен макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. Өкмөттүн азыркы саясаты демократиялык баалуулуктарга туура келбестигин белгилеп, 2023-жылдын 31-августунда онлайн митинг өткөрүү демилгесин көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

Олжобай Шакир деген каймана ат менен ишмердик жүргүзгөн Олжобай Эгембердиев 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеп, иштетип келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG