Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:08

ТИМ чет өлкөлүктөрдү кыргыз визасы үчүн арызды электрондук портал аркылуу тапшырууга чакырды


«Манас» эл аралык аэропорту
«Манас» эл аралык аэропорту

Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда виза алууну каалаган чет өлкөлүк туристтердин узун кезектери пайда болбошу үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 8-апрелде маалымат таратты. Мекеме туристтердин көп топтолуусун алдын алуу үчүн «Электрондук виза» расмий сайты (www.evisa.e-gov.kg) аркылуу алдын ала арыз берүүнү сунуш кылды. Ал сайттан визанын категориялары жана түрлөрү, кароо мөөнөтү жана талап кылынган документтердин тизмеси менен таанышууга болот.

ТИМ виза алуу үчүн Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине да кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти.

Расмий маалыматка ылайык, Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти бул маселеге байланыштуу Кыргыз туроператорлор биримдигине (КАТО) мүчө компаниялардын өкүлдөрү жана Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин өкүлү менен жолугушуу өткөргөн. Аларга чет элдиктердин Кыргызстанда жүрүү тартиби жана кыргыз визасын алуунун жол-жоболору тууралуу маалымат берилген.

Дүйнөнүн 62 мамлекетинин жарандары Кыргызстанда 60 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Туризм департаменти былтыр тогуз айда Кыргызстанга 6 миллион турист келгенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG