Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Атмосферадагы зыяндуу газдардын концентрациясы мурда болуп көрбөгөндөй чекке жетти


Машинеден чыккан зыяндуу газ
Машинеден чыккан зыяндуу газ

Өткөн жылы глобалдык жылуулукка себеп болгон көмүр кычкыл газынын, метандын жана азоттун кош кычкылынын атмосферадагы концентрациясы мурда болуп көрбөгөндөй чекке жетти. Бул тууралуу АКШнын Океанды жана атмосфераны изилдөө башкармалыгы билдирди.

Көмүр жагуудан, мал чарбасынын жайылышынан жана токойлордун кыйылышынан улам көмүр кычкыл газынын деңгээли өнөр жай дооруна чейинкиден 50% көбөйдү.

Метан абага мунай жана газ кендериндеги бургулоо учурунда жана уйдун, башка кепшөөчү жаныбарлардын жампасынан бөлүнүп чыгат. Азыр анын концентрациясы өнөр жай дооруна чейинкиден 160% ашат.

Азот кош кычкылынын деңгээли бир жарым кылымда болжол менен 25% өстү. Буга азот кошулган жер семирткичтерди кеңири пайдалануу, саркынды суулардын түтүктөрүн тазалоо жана отун жагуу салым кошууда.

Окумуштуулар көмүр кычкыл газынын концентрациясын 4,3 миллион жыл мурунку доор менен салыштырса болорун айтышат. Ал кезде планетада адам баласы жок, деңиздин деңгээли 23 метрге жогору болчу, арктикалык тундрада бактар өсчү.

Өндүрүштөн чыккан зыяндуу газдар – глобалдык жылуулукка салым кошкон негизги факторлордун бири. Жердеги абанын табы көтөрүлгөндүктөн суу ташкындары, кургакчылык, токой өрттөрү, бороон-чапкын, ысык менен сууктун толкуну барган сайын көп катталып, күчтүү болууда. Бул өз кезегинде адамдар менен жаныбарлардын өлүмүнө, миграциясына, турак үйлөрдүн кыйрашына, айдоо аянттарынын бузулушуна алып келүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG