Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Атырауда Жайык (Урал) дарыясы дагы эле кирип жатат


Атырау облусундагы Күлсары айылы. 5-апрель 2024-жыл
Атырау облусундагы Күлсары айылы. 5-апрель 2024-жыл

«Казгидромет» кызматынын Атырау облусундагы филиалы Жайык (Урал) дарыясындагы суу өткөн 24 саатта да киргенин билдирди. 8-апрелде эртең менен Индербор айылында суу 44 сантиметрге, Махамбетте 62, Атырауда 20 сантиметрге көтөрүлгөнү маалымдалды.

Жекшембиде Атырау облусуна өзгөчө режим киргизилген. Өткөн жума күнү Жылыой районунун борбору Күлсарыда 2600дөн ашуун турак жай менен административдик имарттарды суу каптаган, миңдеген киши эвакуацияланган.

6-апрелде казак президенти Касым-Жомарт Токаев мындай «жаратылыш кырсыгы» көп жылдан бери боло электигин белгиледи. «Масштабы жана кесепети жагынан бул - Казакстанда акыркы 80 жылдан берки ири апаат болушу мүмкүн», - деп айтты президент.

Токаев ал сындагандан кийин «өкмөт суу каптоонун кескепттерин азайтуу чараларын күч алдырганын жана тиешелүү чара көргөнүн» кошумчалап, эң негизгиси «адам өмүрүн сактоо маанилүү экенин» кайталады.

Кошуна өлкөнүн 10 регионунда жергиликтүү алкактагы чукул кырдаал режими жарыяланды. Бийлик Миялы, Аккөре, Жангелдин, Жаскайрат жана Көздикара аймагын суу каптоо коркунучу жоюлганын билдирди.

7-апрелде Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Күлсары шаарында эки кишинин сөөгү табылганын, алар суу каптаган үйдү текшерүү үчүн трактор менен жүрүп, оодарылып кеткенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG