Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:35

Бозгундагы активист Казакстанда каракалпактар кармалып, экстрадиция болушу мүмкүн экенин эскертти 


Кошкарбай Торемуратов
Кошкарбай Торемуратов

Каракалпакстандык активист Кошкарбай Төрөмуратов Казакстандагы каракалпактар "миграция эрежелерин бузду" деген кине менен кармалып, экстрадиция болушу мүмкүн экенин эскертти.

Төрөмуратов дүйшөмбүдө Х социалдык тармагына жазган постунда өзбек тараптан «саясий эмес жүйө» менен кармоо өтүнүчү түшкөнүн айтып, Жеткербай Абдираманов деген кишинин окуясына кайрылды. Маалыматка караганда, аны 2022-жылы июнда "каттоо мөөнөтү өтүп кетти" деген негизде кармап, жарандык активизм менен алектенбөөсүн эскертип коё беришкен. "Бир жарым жылдан кийин аны кайрадан кармап туруп Кыргызстанга кетиришкен", - деп маалымдады Төрөмуратов. Анын бул жазгандары расмий бышыкталган эмес. Активисттин айтымында, Абдирамановдун жакындары мекенинде кысымга туш болушту.

Жакында Казакстанда кеминде дагы эки каракалпак активисти кармалганы кабарланган. Бийлик ал тууралуу билдирген эмес. Укук коргоочулар кармалды делген кишилердин аты-жөнүн жана сүрөттөрүн жарыялашкан.

3-апрелде жасаган билдирүүсүндө орусиялык “Мемориал” укук коргоо борборунун аймак боюнча программасынын жетекчиси Виталий Пономарев 43 жаштагы Ринат Утамбетов Алматыдагы СИЗОго камалганын маалымдаган. Ал Алматы облусунда мыйзамдуу жашап жатканы айтылган.

26-мартта Астанада Расул Жуманиязов аттуу каракалпак активисти кармалган. Анын кайда экени белгисиз. Норвегияда жайгашкан «Алга, Каракалпакстан» кыймылынын лидери Аман Сагидуллаев Жуманиязовдун Казакстанда жашоо уруксаты соңуна чыкканын, ал миграция кызматына кайрылайын дегенде кармалганын билдирген.

Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросу кармоолорду каракалпак активисттерине каршы «куугунтуктун жаңы баскычы» деп сыпаттады.

Утамбетов менен Жуманиязовдун эмне себептен кармалганы тууралуу бийлик маалымат тараткан жок. «Азаттыктын» казак редакциясы Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратурага жөнөткөн өтүнүчүнө жооп келе элек.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном жумуриятында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор шаар Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Окуялар боюнча соттук териштирүү уланууда. Кийин Каракалпакстанга тиешелүү беренелер өзгөртүүсүз калган.

Укук коргоочулар активисттер Өзбекстанда куугунтукка туш болушарын эскертишүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG