Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Азербайжанда оппозициялык партиянын дагы бир активисти соттолду


Элбаи Керимли
Элбаи Керимли

Баку соту оппозициядагы "Элдик фронт" партиясынын 20 жаштагы активисти Элбаи Керимлини "маңзатты мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси менен 6 жылга абакка кести. Бул тууралуу “Кавказский узел” жана “Туран" сайттары жазды.

Адвокат Немат Керимлинин айтымында, активист аны кармаган полиция кызматкерлеринин айыптоолорунун негизинде соттолду. Адвокат Керимлиге күч колдонуп, күнөөсүн мойнуна алдырышканын кошумчалады.

Маалыматка караганда, анын жанында маңзат бар деген маалыматты ким бергенин, аны кимден алганын, ким менен сүйлөшүп турганын текшерүү өтүнүчүн сот канааттандырган жок.

Керимли күнөөсүз экенин, саясий жүйө менен кармалганын сотто айтты. Ал былтыр августта мурдагы президент Гейдар Алиевдин эстелигине “Сталин” деп жазган.
Активистти ошол эле айда кармап, октябрда камашкан. Ал декабрда мыйзамсыз кармалганын айтып, СИЗОдо ачкачылык жарыялаган.

Бир нече күн мурун Баку шаарынын соту ошол партиянын дагы бир активисти Элхан Алиевди ири өлчөмдөгү көз боёмочулукка жана жалган документ жасоого айыптап, 5 жылга кескен.

Ушу тапта партиянын 11 активисти түрдүү айыптар менен түрмөдө отурат. Алар нааразылык акцияларын катышканы жана азербайжан бийлигин айыптаган комментарийлерди жазганы үчүн саясий себептер менен камалганын айтууда.

Партия 3-апрелде бийликти куугунтук үчүн айыптап, эл аралык коомчулукту тиешеси бар адамдарга санкция салууга чакырды.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги активисттер «конкреттүү фактылардын негизинде» кармалып жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG