Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Москвадагы кол салууда жоголгон кыздардын ДНК анализи чыга элек


24-март, 2024-жыл. Москва шаары
24-март, 2024-жыл. Москва шаары

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москвадагы "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин дайыны табылбай жаткан эки кыргыз кыздын ДНК анализи тууралуу маалымат берди.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 8-апрелдеги жыйынында ал ДНК анализи чыга элек он киши калганын айтты:

"Буга дагы бир аз убакыт керек го. Анткени каза болгондордун баары аныкталып, он кишинин сөөгү тактала элек. Элчиликтин өкүлдөрү алардын туугандары менен бирге тергөөчүлөргө жолугуп жатышат. Бир-эки күндүн ичинде так билинип калат”, - деди Кулубаев.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги министрликтин сайтына жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизасы бүтө элек жарандар боюнча маалымат камтылганын белгилеп, кыздарды каза болду деп айтууга азырынча эрте деп билдирген.

22-мартта Москвадагы концерттик залда теракт болгон. Анда камуфляж кийген төрт кылмышкер туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн. Акыркы маалыматтар боюнча терактта 140тан көп адам мерт болду, жараат алгандардын саны 500дөн ашты.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу ондон ашык шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши "теракты ишке ашырууга" шек саналып, эки айга камалган.

Андан сырткары "кол салууга байланышы бар" деген шек менен Исроил Исломов уулдары Аминжон жана Диловар менен кошо камалды. Ошондой эле теги кыргызстандык орус жараны Алишер Касимов да кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG