Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Тажикстандын ТИМи Николай Патрушевдин билдирүүсүн четке какты


Николай Патрушев
Николай Патрушев

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 6-апрелде Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын билдирүүсүн четке какты. Шанхай кызматташтык уюмунун Астанада өткөн жыйынында Николай Патрушев "Украина Тажикстандагы элчилиги аркылуу Орусияга каршы урушка согушкерлерди жалдап жатат" деп айткан.

Тажик тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы Шохин Самади «орусиялык расмий адамдын айткандары негизсиз» экенин ТАСС агенттигине маалымдады.

Дипломат кошумчалагандай, «Тажикстандын тиешелүү органдары өлкөдө аккредитацияланган дипломатиялык корпустун макамына туура келбеген аракеттерди алдын алуу чараларын көрүп жатат».

Самади «коомчулукту адаштыруучу такталбаган билдирүүлөрдү жана комментарийлерди жасабоого» чакырды.

Тажикстандын мыйзамдарында куралдуу жаңжалдарга жалдоо, машыктыруу жана каржылоого тыюу салынган. Кылмыш кодексинде мындай иштер үчүн 5-12 жылга чейин абакка кесүү каралган.

Москванын четиндеги “Крокус Сити Холл” борборундагы концерттик залга болгон кол салууга айыпталып камалгандардын сегизинин теги тажиктер. Теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук уюму өзүнө алганы менен, Орусия анын артында Украина турат деп айтып келатат.

Украинанын жетекчилиги муну "орус бийлигинин күнөөнү Киевге оодаруу аракети" деп сыпаттап, четке каккан.

Расмий маалыматка караганда, кол салууда каза болгондор 144кө жетти, 500дөн ашууну жараат алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG