Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Төрөбаев айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө 157 млрд сом керек экенин билдирди


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө 157 млрд сом керек. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 8-апрелде Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттин жыйынында билдирди. Ал негизги маселе суу багытында экенин жана бул жагынан иштер жасалбаса, быйыл суу таңкыс болушу ыктымалдыгын айтты.

“Биз спутник аркылуу мөңгүлөрдүн абалын тартып көрдүк. Биздин азыркы план - суу сактагычтарда сууларды топтоо. 84 объектини киргиздик, ал дагы аздык кылат. Айрымдары ылайга толуп калган, тазалоо зарыл”, - деди Төрөбаев.

Министрлик 157 млрд сом керектиги тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Мунун 45 млрд сому айыл чарбасын өнүктүрүүгө, 80 млрд сому ирригациялык объектилерди калыбына келтирүүгө, 25 млрд сому кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, 7 млрд сому айыл чарба продукциясын экспорттоого жумшалышы керек.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-январда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жыйынында 2023-жылы Кыргызстанда сугат суу тартыштыгынан улам 42 миң 567 гектар жер айдалбай калганын билдирген. Анын сөзүнө караганда, кыргыз өкмөтү ирригация тармагына быйыл 2,2 млрд сом бөлүүнү карап жатат (былтыр 1 млрд сом бөлүнгөн).

Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу соңку жылдары дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда сугат суу тартыштыгы байкалууда.

Былтыр сугат мезгили башталгандан тартып жергиликтүү дыйкан-фермерлер суунун тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүп, көптөгөн эгин талаалары кургап кеткенине даттанышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG