Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:08

Оренбургдагы Орск шаарын Елшанка дарыясы да капташы мүмкүн


Орск шаары. Орусия. 8-апрель, 2024-жыл
Орск шаары. Орусия. 8-апрель, 2024-жыл

Орусиянын Оренбург облусунда Елшанка дарыясы да жээгинен чыгып, Орск шаарында жергиликтүү тургундарды эвакуациялоо жүрүүдө. Мэр Василий Козупицанын айтымында, автобустар жана убактылуу жайгаштыруучу жайлар уюштурулду.

Орск калаасын Урал дарыясы да каптап жатат. ТАСС агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме менен бир суткада суу 16 сантиметрге көтөрүлүп, 872 сантиметр болгонун маалымдады. Ооруканалардагы бейтаптардын бир бөлүгү көчүрүлүп, айрымдары үйлөрүнө чыгарылды. Медициналык мекемелер тез жардам гана көрсөтүшүүдө.

Соңку маалыматтарга караганда, Оренбург облусунун 77 шаар-кыштактарында суу 10 миңден ашуун турак үйдү, 18,5 миң чарбалыкты каптады. Куткаруучулар 6 миңден көп кишини эвакуациялашты, бир миңден көбү убактылуу жайларга жайгаштырылды.

Өзгөчө кырдаал режими Курган облусунун бир районунда да киргизилди. Ал жакта да бир нече айылды суу капташы мүмкүн деген коркунуч бар. Ал облуста 5-апрелде күжүрмөн даярдык жарыяланган.

Ошол эле күнү кечинде жана эртеси эртең менен Орск шаарында Уралдагы дамбаны суу жырып кеткен.

Тергөө комитети курулуш иштериндеги шалаакылык жана коопсуздук эрежелерин сактабоо беренелери менен иш козгоду.

Буга чейин катуу сел Алтай, Кемерово, Новосибирск жана Томск облустарында да болгон. Адистер быйыл жаз эки жума эрте келгенин белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG