Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Милиция Андаракта зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү ишин жүргүздү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы 8-апрелде «Азаттыкка» кабарлагандай, Баткен шаарында жана Лейлек районунун Андарак айылында зомбулуктун алдын алуу үчүн милиция үймө-үй кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

"Баткен шаарында арызы катталган ар бир жаран менен баарлашууларды өткөрүп, коргоо ордерлеринин сакталышын текшерип, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча кеп-кеңештер берилди. Мыйзамдык колдоолор боюнча маалымат жеткирилди. 2024-жылдагы үч ай аралыгында Баткен шаардык милициясына тогузу жаран үй-бүлөлүк зомбулук боюнча арыз менен кайрылып, баарына коргоо ордери берилген. Милиция көзөмөлдөп турат. Андарак айылында да ушундай эле иш-чара өткөрүлүп, чырдын алдын алуу жолдору түшүндүрүлүп, зомбулукту жаап-жашырбай милицияга кабар берүү керектиги эскертилди. Мигранттардын балдары менен мыйзамсыз аракеттерге барбоо жана эрте никеге туруунун кесепети боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат облустук милиция тараткан маалыматта.

Баткен облусунун аймагында жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулук фактысынын 142 учуру катталып, сегиз учур боюнча кылмыш иши козголгон.

Лейлектин Андарак айылында былтыр 10 аял өз өмүрүнө кол салып, анын алтоо каза тапты. Төртөөнүн өмүрүн дарыгерлер сактап калганы белгилүү болгон.

4-апрелде Бишкектеги Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, 34 жаштагы келин каза тапты. Кылмышка шек саналып анын 33 жаштагы күйөөсү кармалды. Ушул эле күнү Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын 52 жаштагы тургуну 37 жаштагы аялды өлтүрүп, тогуз күндөн кийин сөөктү таштандыга таштап кеткен.

Кыргызстанда кыз-келиндерге жасалган зордук-зомбулук фактылары байма-бай катталып, айрымдары өлүм менен аяктайт. WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялаган.

Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG