Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

"Чет элдик өкүл" мыйзамы: Президент Жапаров талкууга түшкөн билдирүүсү тууралуу комментарий берди


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров "Чет элдик өкүл" мыйзамы тууралуу 7-апрелде улуттук "Кабар" агенттигине берген маегинде комментарий берди.

Ал "өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт" деп билдирди.

"Сырттан алган каражаты конкреттүү түрдө кайсыл максаттарга жумшалып жатканын мамлекет билиши керек деп айтылды. Менин соцтармактагы сөзүм ушунун алкагында айтылды. Аны өкмөттүк эмес уюмдардын бардыгы эле эң сонун түшүнүштү. Анан кычыктанып «биз катталганбыз» деп атышпайбы. Айтсынчы, кимиси «чет элдик өкүл» деп катталыптыр? Эч кимиси антип катталган жок да. Мен ошону айттым", - деди Жапаров.

Ал Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча 25 миңдей өкмөттүк эмес уюм катталган болсо, анын 2 миңдейи чет элдик донорлордун каражаттары жана алардын катышуусу менен иш алып бара турганын кошумчалаган.

"Ошолор кайра каттоодон өтүшөт. «Чет элдик өкүлдөр» боюнча өзүнчө реестр болот. Болгону эле ошол. Бүгүнкү күнгө чейин кандай иштеп келсе, ошондой эле иштей беришет. Эч кандай куугунтук болбойт деп кепилдик берем дедим. Дагы кайталайм, биз аларды куугунтуктайлы деген жерибиз жок. Болгону ачык болсун деп атабыз. Эл билсин деп атабыз кимиси чет өлкөлөрдөн каржыланып атканын. Ошондой эле уставында эмнелерди көрсөтсө, ошолор боюнча иш алып барсын деп атабыз. Мунун эмнеси жаман?" - деп суроо салган президент саясатка аралашкысы келген коммерциялык эмес уюмдар болсо, анда партияларга кошулушу керектигин же жаңы партияларды ачып алып иш алып барышы зарылдыгын айткан.

Мыйзам кабыл алынгандыктан, ага баш ийип иштөөгө чакырган.

Президент Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга 2-апрелде кол койгондон кийин Фейсбукка билдирүү жазган. Ал эч кимге куугунтук болбой турганына кепилдик берерин белгилеген жана бейөкмөт уюмдарды буга чейин "Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй, отчет бербей келген" деп айыптаган.

Анын бул сөзү кызуу талкууга түшүп, жарандык коом өлкө жетекчилигин маалыматты бурмалады деп сындап чыккан.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган.

Мыйзамда айрым жарандарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт бериши керек.

Мындан кийин жергиликтүү 100дөн ашуун уюм президенттин дарегине кайрылуу жолдоп, мыйзам долбооруна кол койбоого чакырышкан.

Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG