Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Израил армиясы Газанын түштүгүндө аскер күчтөрүн азайтат


Газа тилкесиндеги ЦАХАЛдын аскерлери. 22-ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкесиндеги ЦАХАЛдын аскерлери. 22-ноябрь, 2023-жыл

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесинин түштүк бөлүгүндө аскерлердин бир бригадасын гана калтырып, калган жөө жоокерлерин чыгарып кетерин 7-апрелде жарыялады. Хан-Юнисте согуш операциясын жүргүзгөн 98-дивизия төрт айдан кийин Газадан чыгып кетти.

Маалымат каражаттары Израил бийлиги жыл башынан бери армияга чукул чакырылгандарды бошотуп, Тель-Авивдин жакын союздашы Вашингтондун басымынан улам Газа тилкесинде аскер күчтөрүнүн санын кыскартып жатканын жазышты. ЦАХАЛ аскер күчтөрүн чыгарып кетүүнүн себеби жана алардын саны тууралуу толук маалымат берген жок.

Азырынча Газа тилкесинен аскерлерин чыгарып кетүү менен ЦАХАЛ анклавдын түштүгүндөгү Рафах шаарына пландалган операциясын баштоону дагы создуктурабы же жокпу, белгисиз. Бул аймакта миллиондон ашуун киши баш калкалап турат.

Газа тилкесинде ок атууну токтотуу жана ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюмунун жоочулары барымтага алган туткундарды Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиндерге алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр 7-апрелде Каирде өтмөк. Сүйлөшүүлөргө АКШ, Катар, Израилдин делегациялары жана ХАМАСтын өкүлдөрү катышат. Вашингтондон келген топту Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс жетектеп барары буга чейин маалым болгон.

Туура жарым жыл мурун, 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин түштүгүндөгү шаар-кыштактарга кол салганда 1200дөй кишинин каны төгүлүп, 250 адамды туткунга алып кеткен. Алардын жарымы бошотулганы менен, калгандарынын тагдыры белгисиз.

ХАМАС тобу көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттык сактоо министрлиги куралдуу жаңжалда 33 миңден ашуун карапайым калктын, анын ичинен балдар менен аялдардын каны төгүлгөнүн ишембиде билдирди. Улуттар Уюмунун Балдар фондунун эсебинде, согуш башталгандан бери 13 миңдей баланын өмүрү кыйылды. Жалпысынан жараат алгандар 76 миңге чукулдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG