Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Орусиянын Оренбург облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды


Оренбург облусунун Орск шаарындагы куткаруучулар, 6-апрель, 2024-жыл
Оренбург облусунун Орск шаарындагы куткаруучулар, 6-апрель, 2024-жыл

Оренбург облусунда миңдеген үй-жайды суу каптап, кырдаал оор болуп тургандыктан Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймакка федералдык маанидеги өзгөчө кырдаал режимин киргизди.

Урал дарыясында жана анын куймаларында суунун деңгэээли көтөрүлүп, аймактан 4000ден ашуун киши, анын ичинде 885 бала эвакуацияланганын облустук бийлик билдирди. Мамлекеттик ТАСС агенттиги 2000 үйдү суу каптаганын, жалпысынан 6300 үй-жай жабыркаганын кабарлады. 8000ден ашуун үй электр жарыксыз калды.

Селден катуу жабыркаган Орск шаарынын айрым райондорунда суунун деңгээли үйлөрдүн биринчи кабатына чейин жетип, тургундар кайык менен жүрөт. Мунай иштетүүчү заводдун иши убактылуу токтоду.

Жума күнү кечинде Орскиде бир нече жыл мурун курулган дамба жарылган. Эски Орскидеги менчик үйлөрдү, Никель кичи районун суу каптаган. Жекшемби күнү сел шаардын башка райондоруна жетти.

Оренбург шаарында 1784 жер тилкесин, 1374 үйдүн короо-жайын суу каптады, 400дөй киши коопсуз жерге чыгарылды.

7-апрелде өзгөчө кырдаал министри Александр Куренков куткаруу иштерине жетекчилик кылуу үчүн Оренбург шаарына барды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG