Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Пара алууга шек саналган судья кызматтан убактылуу четтеди


12 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалган судья. Бишкек. УКМКнын сүрөтү. 21-март, 2024-жыл.
12 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалган судья. Бишкек. УКМКнын сүрөтү. 21-март, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулованы кызматынан убактылуу четтетүү боюнча жарлыкка кол койду. Судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга Соттор кеңеши макулдугун берген.

Соттор кеңеши Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулованы опузалап пара талап кылуу фактысы менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу Башкы прокуратуранын сунушуна макулдугун берген.

Судьяга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 343-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 21-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы өзгөчө ири өлчөмдө - 12 миң доллар пара талап кылууга шек саналып кармалганын, 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин кабарлаган.

Марттын башында Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы, пара алууга айыпталган Акылбек Адимов Биринчи Май райондук сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млн сом айып пул төлөгөн. УКМК Акылбек Адимовду Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айыптап, 2023-жылы октябрь айында камакка алган. Кийин кайра үй камагына чыгарылган.

2023-жылы УКМК тарабынан Кыргызстандын түрдүү аймактарынан бир нече судьялар коррупцияга шек саналып камалган.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков системада таза эмес иштеген адамдар бар экенин "Азаттыкка" курган маегинде мойнуна алган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG