Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Украина: Запорожьеде Орусиянын соккусунда үч киши набыт болду


Аскердик эксперттер Харьковдо орус армиясынын соккусу тийген жерди текшерип жатат, 6-апрель, 2024-жыл
Аскердик эксперттер Харьковдо орус армиясынын соккусу тийген жерди текшерип жатат, 6-апрель, 2024-жыл

Жекшембиге оогон түнү Украинанын Запорожье облусунда орус армиясынын аткылоосунан үч киши набыт болгонун аймактык администрациянын башчысы Иван Фёдоров билдирди. Маалыматка карагандай, Гуляйполе шаары "Град" системасы менен аткыланган. Снаряд тийген үй кулап, эки эркек жана аял уранды алдында калып каза тапты. Дагы бир киши жараат алып, ооруканага түштү

Харьков облусундагы Купянскиде орус армиясы көп кабаттуу үйгө авиабомба таштаганда бир аял набыт болгонун "РБК-Украина" агенттиги кабарлады.

Харьков шаары дагы учкучсуз аппараттардын чабуулуна кабылды. Алардын бири үйгө тийгенде бир киши жаракат алып ооруканага түшсө, дагы эки адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү.

Жекшембиге караган түнү Украинанын аймагында орустардын «Шахед» үлгүсүндөгү 17 учкучсуз аппараты атып түшүрүлгөнүн Киевдеги Башкы штаб билдирди. Соңку апталарда орус армиясы Украинага 10 ракета коё берип, 88 авиачабуул жасаганын Киевдеги аскердик жетекчилик билдирди.

Орусия жетиштүү далилдерге карабай Украинадагы карапайым калкка, жарандык жайларга сокку урулуп жатканын мойнуна албайт. Москва тескерисинче аскердик жайларды гана бутага аларын такай кайталайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG