Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:35

Немистердин демократия сыйлыгы Алексей жана Юлия Навальныйларга ыйгарылды


Юлия Навальная Берлиндеги Орусиянын элчилигинин алдындагы нааразылык акциясында, 17-март, 2024-жыл.
Юлия Навальная Берлиндеги Орусиянын элчилигинин алдындагы нааразылык акциясында, 17-март, 2024-жыл.

16-февралда Орусияда түрмөдө табышмактуу жагдайда каза болгон оппозициялык саясатчы Алексей Навальный жана анын жесири Юлия Навальная немистердин «Маалымат каражаттарынын эркиндиги үчүн сыйлыгына» ("Freiheitspreis der Medien") татыды.

"Навальныйлар - өнүккөн, жаңы, эркин жана демократиялык Орусиянын жүзү. Алар - биздин замандагы каршылык көрсөтүүнүн, дүйнөнү өзгөртүү үчүн өмүрүн арноого даяр болгон баатырлар", - деп белгиледи сыйлыкты ыйгаруу тобу.

Сыйлык жыл сайын Германиянын экс-канцлери Людвиг Эрхарддын урматына уюштурулган форумда тапшырылат. 19-апрелде Бавариядагы Гмунд-на-Тегернзе шаарындагы салтанаттуу иш-чарага Юлия Навальная катышат.

Сыйлык сөз жана ой-пикир эркиндиги, диалог, демократияны жайылтууга чык ыкласы менен берилген коомдук ишмерлерге ыйгарылат. Аны 2023-жылы орус оппозициясынын тайманбаган өкүлү, атактуу шахматчы Гарри Каспаров алган. Ошондой эле Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жана мурдагы советтик лидер Михаил Горбачевго да ыйгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG