Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:08

Суу каптаган Оренбургда кырдаал курч


Орскидеги суу каптаган аймак.
Орскидеги суу каптаган аймак.

Орусиянын Оренбург облусунда суу ташкыны боюнча кырдаал оор бойдон калууда. Урал дарыясындагы жана ага куйган дарыяларга суунун толуусу уланып жатат. Өткөн суткаларда Орск шаарында суунун деңгээли 28 сантиметрге, жалпысынан облус боюнча суунун деңгээли акыркы күндөрү 11 сантиметрден 65 сантиметрге чейин көтөрүлдү.

Маалыматтарга ылайык, облуста 6 миңден ашуун турак жай суу алдында калды. Сегиз миңден ашуун үй электр жарыгысыз отурат. Аймактан миңден ашуун адам эвакуацияланды.

Орск шаарындагы айрым аймактарда суу көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабатынын терезелерине чейин жетти. Шаарда эл ары-бери кайыктарда каттап жатышат.

Жума күнү кечинде жана ишембиде Орскиде дамба кайра-кайра жарылган. Жыйынтыгында Эски Орск - жер үйлөр турган аймак жана Никель кичирайонун суу каптаган.

Бийлик суу ташкыны каптаган аймактан беш адамдын сөөгү табылганын ырастап, бирок алар сууга чөгүп эмес, башка себептерден каза болгонун маалымдады. Эки адамдын жүрөк талмасынан көз жумса, бирөө өз жанын кыйган. Дагы бир адамдын өлүмүнүн себеби иликтенип жатканын РИА "Новости" жазды.

Оренбург облусунун борборунда 1784 жер тилкесин, 1374 үйдү суу каптады. 400дөн ашуун адам эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга күчү да, каражаты да жетиштүү экенин билдирүүдө.

Жекшембиде эртең менен Оренбургга өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков учуп келди. Ага орун басары Илья Денисов маалымат берип, кырдаалды "оор" деп сыпаттады.

Жергиликтүү бийлик эл коопсуз жакка мажбурлап көчүрүлөрүн эскертүүдө. Оренбургдун губернатору Сергей Салмин тургундардан суранып отурууга убакыт жоктугун билдирди.

"Бизде өтүнүп, көндүрүп отурууга убакыт жок. Ыктыярдуу түрдө коопсуз жакка кеткиси келбегендерди полициянын жардамы менен мажбурлап көчүрөбүз. Оренбургда өзгөчө кырдаал киргизилген, биз сиздердин коопсуздугуңуздарды камсыздоого милдеттүүбүз", - деп жазды Телеграм каналына. Ал ошондой эле алдыңкы күндөрдө суунун деңгээли дагы жогорулай турганын белгиледи.

Турак жайларды суу капташынан тышкары ичүүчү суунун булганышынан жугуштуу оорулар күч алары айтылууда. РБК агенттиги жергиликтүү дарыгерлерге 18 адам ичи ооруп кайрылганын жазды.

Оренбургдагы абал 5-апрелден тарта оорлоду. Жума күнү кечинде Орскиде жарылган дамба 2014-жылы курулуп, анын курулушуна 910 млн рубль сарпталганы айтылууда. Буга байланыштуу дамбанын курулушунда коопсуздук жана башка талаптар сакталбаганы үчүн "Шалаакылык" боюнча кылмыш иши козголду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG