Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Борбор Азия өлкөлөрү жана Азербайжан аскердик машыгуу өткөрөт


Өзбекстан жана Казакстандын аскер кызматчылары биргелешкен машыгууда. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстан жана Казакстандын аскер кызматчылары биргелешкен машыгууда. Иллюстрациялык сүрөт.

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги маалымдап, машыгуу Казакстанда өтөрүн билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-апрелде бул өлкөлөрдүн коргоо министрлери Казакстандын Актау шаарында "Биримдик-2024" аскердик машыгуу өткөрүү боюнча жыйынга чогулуп, биргелешкен планга кол коюшту.

Ошондой эле маалыматта быйыл июнда Казакстанда өтүүчү "Оймаша" аскердик окуу полигонунда "Куралдуу жаңжал аймактарын аныктоо багытындагы аскердик окуу тапшырмаларын аткаруу" боюнча машыгуулар өтөрү кабарланган.

Биргелешкен аскердик машыгууга камданып жаткан бул постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан Жаматтык коопсуздук кызматташтык уюмуна (ЖККУ) мүчө. Өзбекстан андан чыгып кеткен. Азербайжан уюмга мүчө болгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG