Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

Журналист Сайпидин Султаналиевди сот 12-майга чейин камакта калтырды


“Арча Медиада” (мурдагы Next TV) иштеген журналист Сайпидин Султаналиевди Бишкек шаардык соту 12-майга чейин абакта калтырган чечим чыгарды. Сот анын бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызын 5-апрелде караган.

Султаналиевдин адвокаты аны саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарууну соттон өтүнгөн. Жактоочу журналисттин кичинекей үч баласы бардыгын, анын бири оорукчан экенин, Султаналиев үйдө жалгыз багуучу экенин да белгиледи. Бирок сот буларды эске албай, журналистти 12-майга чейин №1 тергөө абагында 12-майга чейин камоону чечкенин адвокаттары билдиришти.

Сайпидин Султаналиевден тышкары дагы жети журналист 12-13-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалышкан. Үч журналист ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

“Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы 6-апрелде №1 тергөө абагынын кызматкерлери сабады деген жүйө менен Башкы прокуратурага арыз жазганы белгилүү болду.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG