Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Алматыда кыргызстандык жарандан холера табылганы кабарланды


Холеранын козгогучтарынын микроскоптон көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.
Холеранын козгогучтарынын микроскоптон көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын санитар-карантин көзөмөл кызматы 4-апрелде Индиянын Дели шаарынан Алматыга Air Astana аба компаниясынын учагы менен келген кыргызстандык аялдан холера оорусун аныкташкан.

Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме кылып, жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта кыргызстандык жаран мекенине Алматы аркылуу учуп келген. Санитардык карантин көзөмөл кызматкерлери анын жугуштуу ооруга кабылганынан шек санап, иликтөө жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында бейтап холерага чалдыкканы аныкталган.

Дарыгерлер ага жакын отурган жүргүнчүлөрдү жана экипаждын сегиз мүчөсүн да лабораториялык изилдөөдөн өткөрүшкөн. Алардын баары шаардагы жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Дарыгерлер учактагы башка жүргүнчүлөрдүн баарына маалымат берип, оорунун кандайдыр бир белгилери байкалса, дароо ооруканага кайрылууну сунушташкан.

Учакта дезинфекциялоочу иш-чаралар жүргүзүлүп, учак 5-апрелдин кечинде кийинки каттамга кое берилгенин Air Astana аба компаниясы Казакстандын Тенгриньюс сайтына маалымдаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Кыргызстанда эмдөөгө каршы чыккандар көбөйүшү менен коркунучтуу жугуштуу оорулар күч алып жатканын министрлик улам кайталап айтып келет. Быйылкы үч айда эле кызамык оорусуна чалдыккан адамдардын саны өлкөдө 6 миңден ашты. Былтыр илдеттен тогуз бала чарчап калган, арасында беш айлык бөбөк бар.

Президент Садыр Жапаров 15-марттын кечинде Бишкектеги Имам Сарахси атындагы Борбордук мечитке барганда өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганына тынчсыздануусун билдирген. Мамлекет башчысы коркунучтуу жугуштуу оорулардан сактануу үчүн эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгилеген.

  • Холера - адамдын ичеги-карынын жабыркатып, организмди кургатып, катуу кармаган жугуштуу оору. Оорунун булагы болуп оорулуу киши же анын козгогучун алып жүрүүчүлөр эсептелет. Кайнатылбаган суу ичкенден, оорулуу колдонгон буюмдарын кармаганда жугат. Холеранын суу менен таралышы айрыкча коркунучтуу. Агын сууларга түшкөн вибриондор тез көбөйөт. Аларды ичкен, сууга түшкөн, кир чайкаган жана башка керек-жаракка жумшаган учурда ылаң жайылып, эпидемияга айланат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG