Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Журналист Махабат Тажибек кызы ЖАК кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазды


Махабат Тажибек кызы.
Махабат Тажибек кызы.

“Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы учурда камалып турган тергөө абагында уруп-сабоого кабылганын маалымдап, Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазды.

Ал арызында №1 тергөө абагынын кызматкерлери өзүн сабаганын билдирип, мунун баары абактын жетекчилигинин жана өлкө бийлигинде турган адамдардын буюртмасы менен, моралдык жактан сындыруу аракетинде болуп жатат деп жазган.

Махабат Тажибек кызынын арызынын сүрөтүн жубайы, журналист Болот Темиров Фейсбукка жарыялады.


Журналист Болот Темировдун "Азаттыкка" билдиришинче, Махабат Тажибек кызынын жана аны менен чогуу камерада жаткан дагы бир аялдын арызы "дем алышта канцелярия иштебейт" деген негиз менен кабыл алынган эмес. Бул маалыматты журналисттин адвокаты Улан Сейитбеков да ырастады. Адвокат окуя болгондон кийин, 6-апрелде Махабат Тажибек кызына жолугуп чыкканын "Азаттыкка" билдирди.

"Мен бүгун жолуктум. Ийнининде, колунда жарааттары бар. Жаагы көгөргөн. Жаза аткаруу кызматына, прокуратурага арыз жазышкан, аны берели десек, бүгүн дем алышта иштебейт деп коюшту. Бир нускасын булардын, бир нускасын прокуратуранын электрондук почтасына жиберебиз", - деди адвокат.

ЖАКтын басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева мекеме жетекчилигине эч кандай арыз келип түшпөгөнүн "Азаттыкка" билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы буга чейин Махабат Тажибек кызынын сабалганы тууралуу маалыматты четке каккан.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

“Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы дагы сегиз журналист менен кошо 13-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалышкан. Үч журналист ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG