Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Иманкулов Кыргызстан "Талибанды" расмий бийлик катары тааный электигин айтты


Данияр Амангелдиев жана Ооганстандын "Талибан" өкмөтүнүн министри Амир Хан Муттаки. Кабул. 24-январь, 2024-жыл.
Данияр Амангелдиев жана Ооганстандын "Талибан" өкмөтүнүн министри Амир Хан Муттаки. Кабул. 24-январь, 2024-жыл.

Кыргызстан азырынча “Талибанды” Ооганстандын расмий бийлиги деп тааныбайт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Азаттыкка” курган эксклюзивдүү маегинде билдирди. Анын сөзүнө караганда, расмий Бишкек учурда Ооганстандагы кырдаалга тыкыр көз салып, гуманитардык абалды жөнгө салууга салым кошуп жатат.

"Биз Ооганстандагы абалга көз салып турабыз, ал жактагы 40 миллиондой ооган эли тартып жаткан кыйынчылыктарды көрүп атабыз. Ошондуктан, аларга азык-түлүк, дары-дармек, мал-жандыгына чейин дары-дармек алып барып, жардам берип жатабыз. "Талибанды" биз дипломатиялык жол менен тааный элекпиз. Аймакта азырынча эч бир өлкө тааный элек. Казакстан террордук уюмдардын тизмесинен чыгарды, Орусия да чыгарарын айтып жатат",- деди Марат Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы "Талибан" кыймылы Ооганстандын ички абалын жөнгө салууга аракеттенип жатканын, алардын шаштысын аларга каршы ички куралдуу топтор алып жатканын белгиледи.

Борбор Азия өлкөлөрү "Талибан" өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин билдиргени менен, азырынча аны өлкөнүн расмий бийлиги деп тааный элек.

Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 2022-жылдын декабрында "Талибан" өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин билдирген. Эки өлкө Ооганстандын түндүгүндөгү Коштепа каналынын, Термиз – Мазари Шариф – Кабул – Пешавар темир жолунун курулушу боюнча долбоорлорду талкуулап келишет.

Расмий Астана былтыр декабрдын аягында "Талибан" кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган. Былтыр августта Астанада казак-ооган ишкерлеринин форуму өткөн. Ага эки тараптан 300дөн ашуун ишкер жана өкмөт мүчөлөрү, анын ичинде "Талибандын" мүчөлөрү да катышкан.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШга террордук чабуул жасалгандан кийин Кошмо Штаттар баштаган НАТОго мүчө бир нече өлкө "Талибанга", "Ал-Каидага" каршы согуш жарыялап, Ооганстанга өз аскерлерин жөнөткөн. Он жылдан кийин операция алкагында бул өлкөдө калган америкалык аскерлердин контингенти 110 миңге жеткен.

2021-жылы 15-августта талибдер Кабулду толук өз көзөмөлүнө алышкан, 31-августка караган түнү америкалык аскерлердин баары чыгып кеткен. Бийлик 20 жылдан кийин кайрадан колуна тийген "Талибан" "инклюзивдик өкмөт" түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG