Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Белгород облусу аткылоого кабылганы кабарланды


Аткылоодон жабыркаганы айтылып жаткан үй. Белгород облусу. 6-апрель, 2024-жыл.
Аткылоодон жабыркаганы айтылып жаткан үй. Белгород облусу. 6-апрель, 2024-жыл.

6-апрелдин таңында Украина менен чектеш Белгород облусун украин армиясы аткылап, жыйынтыгында турак жайлар жабыркаганын аймактын губернатору Вячеслав Гладков социалдык тармакка жазды.

Маалыматка ылайык, аймакка чабуул абадан жасалган, он чакты дрон жана ракеталар атып түшүрүлгөн. Белгород шаарында 12 көп кабаттуу үй, балдар ооруканасы, спорт борбору жабыркаган.

Шаар четинде бир жер үй толук өрттөнүп, көп кабаттуу төрт үй жана беш жер үй жабыркаган.

Каза тапкандар жана жараат алгандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Украинанын куралдуу күчтөрү Орусиянын аймагына жасалган тууралуу адатта комментарий бербейт. Бирок буга чейин украин президенти Владимир Зеленский билдирүүлөрүндө Москва агрессиясына жараша жооп аларын белгилеген.

Орус бийлиги Украинага кол салуусун "атайын операция" деп атап, аскердик объектилерди гана бутага алып жатканын айтып келет.

21-февралда Бириккен Улуттар Уюму билдиргендей, Орусия кеңири масштабдагы согуш ачкан эки жылдан бери кеминде 10 582 карапайым украиналык өлтүрүлүп, 19 875 киши жараат алган. Баяндамада бул сан алда канча жогору болушу мүмкүн экени баса белгиленет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG