Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


7-8-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош жолундагы ашууларда, Чычкан капчыгайында жана башка тоолуу жолдордо кар көчкү жүрөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

7-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4 күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13 жылуу болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы 5…7°, күндүз 17…19° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG