Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

ӨКМ: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот


Шамал кыйраткан чатыр. Иллюстрациялык сүрөт.
Шамал кыйраткан чатыр. Иллюстрациялык сүрөт.

6-апрелде түштөн кийин жана кечинде Бишкек жана Чүй облусунун аймагында батыштан соккон ылдымдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Министрлик элди шамал учурунда коопсуз жайда, электр зымдарынан жана бак-дарактардан алыс болууга жана автоунааларын токтотууга чакырууда.

28-мартта Бишкек, Чүй аймагында ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен шамал болгон. Социалдык тармактын колдонуучулары шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарактар кулап, автоунааларды басып калганы тартылган сүрөт-видеолорду жарыялашкан.

Шамалдан борбор калаа Бишкектин тарткан чыгымы 16 млн сом, ал эми Чүй облусуна келтирилген чыгым 28,5 млн сом деп эсептелди.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG