Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

ЖАК абактагы журналист Махабат Тажибек кызы сабалганын четке какты


Журналист Махабат Тажибек кызы суракка алынып бараткан учур. Бишкек. 16-январь, 2024-жыл.
Журналист Махабат Тажибек кызы суракка алынып бараткан учур. Бишкек. 16-январь, 2024-жыл.


“Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы учурда камалып турган тергөө абагында уруп-сабоого кабылганы тууралуу маалыматты анын жубайы, журналист Болот Темиров Телеграм-каналына жазды.

Маалыматта журналистти камералаштары менен чогуу Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери сабаганы жазылган.


Жаза аткаруу кызматы Болот Темировдун маалыматын төгүндөдү. Мекеменин басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева тергөө абагынын кызматкерлеринин абакта отургандарга кол көтөрүүгө укугу жоктугун "Азаттыкка" билдирди.

"Болот Темировдун бул маалыматы боюнча териштирип, сурадык. Эч кандай уруп-сабоо болгон эмес. 5-апрелде Махабат Тажыбек отурган камерадагы бир аялды башка камерага которуу чечими чыккан. Бирок тиги аял каршы болуп, "чыкпайм" деп, камералаштарынан жардам сураптыр. Махабат Тажибек кызы ага болушуп, Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине чогуу каршылык көрсөтүп, ары-бери тартышыптыр. Ошол учурда керебет, дубалдарга урунуп денеси сыйрылып калышы ыктымал экени айтылып жатат. Эч кандай сабоо болгон эмес, абактын кызматкерлери сабамак тургай, кол көтөрө алышпайт. Анткени камералардын баарында видео байкоо бар", - деди Ызаат Тургунбаева.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

“Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы дагы сегиз журналист менен кошо 13-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. Үч журналист ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG