Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Харьковдо дрон чабуулунан алты киши мерт болду


Игорь Терехов.
Игорь Терехов.

6-апрелге караган түнү Украинанын Харьков шаарына дрон менен жасалган чабуулдан алты адам өлүп, он киши жараат алды. Бул тууралуу шаар мэри Игорь Терехов билдирип, чабуул үчүн Орусияны айыптады.

Анын сөзүнө караганда, "Шахед" дрондору көп кабаттуу үйлөр жайгашкан аймакка чабуул жасаган. Тогуз үй, үч жатакана, май куюучу бекет, автоунаалар жана башка имараттар жабыркаган.


Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов "жалаң жарандык обьекттер жабыркаганын" жазды. Анын ырасташынча, сегиз адам оор жараат, калгандары жеңил жараат алышкан.

Украин куралдуу күчтөрү 6-апрелге караган түндө Орусия Украинанын аймагына "Шахед" тибиндеги 32 учкучсуз учак жана түрдүү типтеги алты ракета менен сокку урганын билдирди. 28 дрон жана үч ракета атып түшүрүлгөн.

Орусиянын Коргоо министрлиги Харьковго жасалган чабуул боюнча комментарий берген жок.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) бул аралыкта согуштан он миңге чамалуу жай тургун набыт болуп, 5 миллион адам үй-жайынан коопсуз жакка качууга мажбур болгонун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG