Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Каирде ХАМАС менен жаңы сүйлөшүүлөр болот


Ок атышууну ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) уюму барымтада кармалып тургандарга алмаштыруу үчүн токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жаңы баскычы ушул аптанын акырына белгиленген. Reuters агенттиги маалымдагандай, сүйлөшүүлөр Каирде өтөрүн, анда АКШ да катышарын жума күнү Ак үй билдирди.

Ага ылайык, америкалык делегацияны ЦРУнун директору Билл Бёрнс жетектейт. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирби журналисттерге билдиргендей, президент Байден Израилдин премьер-министри Нетаньяху менен телефондо сүйлөшүп, Тель-Авивдин өкүлдөрүнө жетиштүү ыйгарым укуктарды берүүнү суранды - бул келишимге эртерээк жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Президент Байдендин администрациясынын өкүлү мамлекет башчы Египеттин жана Катардын лидерлерине сүйлөшүүлөрдө ХАМАСтын жоочуларына басым кылууну сурап, кат жолдогонун айтты.

АКШ өнөктөштөрү менен бирген ок атышууну токтотууну Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүүнүн бир шарты катары карашууда.

Буга чейинки сунуштарга ылайык, ок атышууну ХАМАС барымтада кармап турган адамдарга жана жарадарларга алмаштыруу үчүн алты жумага токтотууну макулдашмак. Бирок Reuters белгилегендей, сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болууда.

Газа тилкесиндеги Израилдин согуштук операциясы октябрь айынан бери уланып келет. Буга ХАМАС тобунун өлкөнүн түштүгүнө кол салуусунан 1200дөй адам өлүп, 250 адамды барымтага алганы негиз болгон. Ушу тапта уюмдун колунда 100дөн ашуун адам барымтада кала берүүдө.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин саламаттык сактоо мекемеси согуштук операция башталгандан бери тилкеде жалпысынан 32 миңден ашуун палестиналык жай тургун набыт кеткенин билдирип келет.

Согуш жүрүп жаткан аймактардан качкан жай тургундар ачкачылыкка кептелип, гуманитардык кризис курчуп баратканын эл аралык укук коргоо уюмдары белгилөөдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG