Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

Орусияда тажик мигранттары жашаган жатакана текшерилип, 60тай киши кармалды


Окуя 3-апрелде болгону кабарланды.
Окуя 3-апрелде болгону кабарланды.

Орусияда полициянын өзгөчө багыттагы отрядынын кызматкерлери тажикстандык эмгек мигранттары жашаган жатаканага кирип барып, 60тан ашуун кишини кармап кеткенин бүгүн 5-апрелде “Азаттыктын” тажик кызматы билдирди.

Окуя 3-апрелде болгону, күч кызматкерлери жатакананын эшик-терезесин талкалап киришкени, кармалгандардын бир нечесин айыппул төлөтүп коё беришкени, бирок калган көпчүлүгүн депортация кылганы маалымдалды.

Мигранттар бул тууралуу журналисттерге өзүлөрү айтып беришти. Ошондон бери тынчы кетип, коркуп жатышканын билдиришти.

«Каяка барып, эмне кыларымды билбей калдым. Дүкөнгө чыккандан да коркуп жатам. Эки-үч кишинин айынан бардык тажиктер жапа чегип жатат. Документи баары жайында болгондорду деле өлкөдөн чыгарып салып жатышат. Менин агамды кармап кетип, өмүр бою Орусияга кире албайт деген чечим чыгарышты. Себебин түшүндүрбөй коюшту», - деди мигранттардын бири.

«Озоди» радиосунун кабарчыларынын колуна тийген бир нече видеодон мигранттарды катарга тизип бастырып баратышканын, айрымдарын колун артына карматып, жерге жаткырып коюшканын көрүүгө болот.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити Холл” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. 3-апрелге карата маалыматка караганда, каза болгондор 144кө жетти, жараат алгандар кеминде 380 адам.

Кылмышка шектүү катары 11 киши кармалганын ФСБ кабарлаган, алардын 10у камакка алынган. Эки айга камалгандардын сегизи теги тажикстандык, бирөө теги кыргызстандык экени белгилүү болгон.

Укук коргоочулар алар кармоо жана сурак учурунда кыйноого кабылганын айтып чыгышкан. Чабуулду ишке ашырган деп шектелип жаткан төрт киши бөгөт чарасы каралган сот отурумуна бети-башы көгала абалда катышкан, алардын бирин сотко медициналык арабага салып алып барышкан. Кармоо учурунда бир кулагы кесилгени тууралуу видеосу тараган киши сотто оң кулагына чүпүрөк чапталып отурган.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топ алган. АКШ жана Батыш өлкөлөрү терактты дал ушул уюм уюштурган деген пикирде. Ал эми Орусия өзү Украинадан көрүүдө. Украина эч тиешеси жок экенин айтууда.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) "Крокус Сити Холлдогу" терактка байланыштуу дагы үч киши кармалганын билдирди. Мекеменин 4-апрелдеги маалыматына караганда, алар Москва, Екатеринбург жана Омск шаарларынан кармалды. Үчөө тең Борбор Азиядан баргандар, бирөөнүн орус жарандыгы бар экени кабарланды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG