Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Жылуулук ишканалары жергиликтүү бийликтин балансына берилет


Бишкек жылуулук электр борбору. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек жылуулук электр борбору. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 5-апрелде “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Анда жылуулук иштеп чыгуучу жана жылуулук менен жабдуучу ишканаларды натыйжалуу башкарууну уюштуруу, ишин оптималдаштыруу, “Электр станциялары” ишканасын кайчылаш субсидиялоону болтурбоо максатында токтом кылынганы жазылган.

Токтомго ылайык, Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы кайрадан түзүлөт. Жылуулук менен жабдуучу объекттер иштеген жери боюнча жергиликтүү бийликтин менчигине өткөрүлөт.

"Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын филиалдары: Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жана Ош ЖЭБи, “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы да муниципалдык жылуулук менен жабдуучу ишканаларды түзүү жолу менен жергиликтүү бийликтин, шаар мэрияларынын балансына тиешелүү мүлкү, штаттары, каржылоосу жана милдеттенмелери менен чогуу өткөрүлөт.

Президент алдыдагы төрт жыл аралыгында жылуулук менен жабдуучу ишканаларды субсидиялоону токтотуу боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Бул жарлыктын негизинде тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилиши керек.

Быйыл 2-февралда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болгон. Анын айынан электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, үч күндөн кийин калыбына келтирилген. Кырсыкта беш адам жабыркап, абалы оор эки жумушчу Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Өткөн аптада ЖЭБдеги авариянын себептерин аныктоо үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын корутундусу даяр болгон. Анда кырсыкка айрым кызматкерлердин шалаакылыгы жана эскилиги жеткен жабдыктар себеп болгон деген тыянак чыгарылганы айтылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG