Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:34

Иманкулов: Сириядан дагы 300дөй кыргызстандыкты алып келебиз


Ирактын Мосул шаарынын түштүгүндөгү лагерь. 2017.19.07
Ирактын Мосул шаарынын түштүгүндөгү лагерь. 2017.19.07

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Сириянын лагерлериндеги 300дөй кыргызстандык алып келинерин билдирди. Иманкулов “Азаттыкка” курган маегинде соңку жылдары ал өлкөнүн лагерлериндеги 600дөй кыргызстандык алып келингенин айтты.

“Сириядагы күрттөрдүн лагеринде жүргөндөрдүн 600дөн ашыгын алып келип койдук. Төрт баскыч менен алып келдик. Бул жактан реабилитациялоо болуп жатат. Үчөөнү үй-бүлөсүнө коё бердик. Азыр дагы 300дөй киши калды. Аны жакында алып келебиз”, - деди Иманкулов.

Февраль айында Кыргызстан “Айкөл 5” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириянын түндүк-чыгышындагы эки лагерден 99 жаранын алып келгенин кабарлаган. Алардын ичинен 28и аял жана 71и - балдар. Акыркы бир жылда ушундай төрт миссиянын алкагында Сириядан Кыргызстанга 400дөн ашуун жаран келгени айтылган.

Өкмөт ага чейин, 2021-жылдын март айында "Мээрим" деп аталган гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен дагы 79 баланы алып келген.

Сириядан жана Ирактан келген аялдар менен балдарды реабилитациялоо Социалдык камсыздоо министрлигине жүктөлгөн. Кыргызстанга кайтып келгендер менен атайын борбордо эки-үч ай аралыгында психологдор, теологдор, социалдык жана медициналык кызматкерлер иштешет.

Атайын кызматтын 2018-жылдагы маалыматында айтылгандай, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG